Коррупциянын айынан Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп бүтпөй калган
RU

Коррупциянын айынан Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп бүтпөй калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы мектептин курулушуна Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармасынын кызмат-керлери тарабынан туура эмес иш жүргүзүлгөндүктөн бүткөрүлбөй калган. Ал эми мамлекет дээрлик 9 миллион сом зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүдө Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылындагы мектептин курулушунда иш жүзүндө аткарылбаган иштер үчүн акча мыйзамсыз которулганы аныкталган. Натыйжада мамлекетке 8 миллион 845 миң 500 сом зыян келтирилген.

Прокуратура Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337 "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6264