Владимир Зеленский Буча шаарчасына барды
RU

Владимир Зеленский Буча шаарчасына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украина президенти Владимир Зеленский Буча шаарчасына барды. Киевдин жака белиндеги шаарчада россиялык аскерлер чегингенден кийин карапайым кишилердин сөөктөрү табылганы расмий кабарланган.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, Зеленский орус армиясынын кыйраган техникасы жаткан көчөнү көрүп, жергиликтүү тургундар менен сүйлөштү. Журналисттерге кайрылып, президент Россия Украинада согуштук кылмыштарга барганын, ошол эле маалда Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы деле жактарын айтты.

Россия өз күчтөрүн Киев, Чернигов жана Сумы облустарынан чыгарып кеткени маалымдалган. Бирок Донбасс жана Харьков тарапта аскерлерин топтоп жатат. Өткөн жумада орус коргоо министри Сергей Шойгу атайын операциянын максаты Донбассты өз көзөмөлүнө алуу экенин айткан.

Бучада каза тапкандардын колдору артынан байланганы белгилүү. Шаарда жапырт көрүстөн да табылганы кабарланган.

Азыркы күнгө чейин маркумдардын так саны белгисиз. Украин бийлиги орус аскерлеринин колунан набыт болгон жергиликтүү тургундардын саны 300дөн ашканын айтууда. Москва айыптоолорду четке кагып, "жалган маалымат таратып жатат" деп Киевди күнөөлөдү.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6267