Атамбаев: Жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес
RU

Атамбаев: Жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес". Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал 23-марттан кийин ден соолугу начарлап кеткенин, тизесин көрсөтүүдөн ыңгайсызданып жатканын айтты. "Менин абалымды түрмөдө текшерейин деп жатышат, бирок бул олуттуу эмес да. Бул менин өлүп калышым үчүн убакытты созуу максатында жасалып жаткандыр. Бирок мен өлбөшүм керек. Кырдаал ушундай. Бул күндөр да өтөт, баары Кудайдан. Албетте, жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес", - деди Атамбаев.

4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келинген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, ага Тез жардам чакыртылган. Көп өтпөй аны тез жардамдын коштоосунда 47-колонияга алып кетишкен.

Булак: chyndyk_kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6271