Баланы сүннөткө отургузуу учурундагы өлүмүнүн себеби кан жоготуу болгон эмес
RU

Баланы сүннөткө отургузуу учурундагы өлүмүнүн себеби кан жоготуу болгон эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин 7 жашар баланы сүннөткө отургузуу учурунда көп кан жоготуудан улам көз жумду делген маалымат келип түшкөн. Бирок, өлүмүнүн болжолдуу себеби кан жоготуу болгон эмес. Наркоз саюу учурунда баланын жүрөгү күтүүсүздөн токтоп калган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Улуттук госпиталдын жетекчилигинин айтымында, 2022-жылдын 2-апрелинде саат 14:00 чамасында урология бөлүмүнө жети жашар бала түшкөн.

"Жергиликтүү наркоз менен сүннөткө отургузулган, бирок бала тынчыбай, ыйлап, каршылык көрсөтүп туруп алган. Буга байланыштуу бала атасы жана агасы менен бирге Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына (ГДКБ СМП) жеткирилген. Бала ошол жерден көз жумган",- ооруканада түшүндүрдү.

Улуттук госпиталдын жетекчилиги туура эмес көзөмөл жүргүзгөн урология бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыялады. Дарыгер өз каалоосу менен кызматтан кеткен. КММИКнын урология бөлүмүнүн башчысына да тарбиялык иштерди жүргүзүү жана ординаторлордун иштөөсүнө көзөмөлдү күчөтүү сунушталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6273