2021-жылы 9 миңден ашуун аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган
RU

2021-жылы 9 миңден ашуун аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылы Кыргызстанда 10151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир жылда 9038 аял, 311 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Ошондой эле жашы жете элек 264 бала жабыркаган. Алардын 124ү кыз, 140ы балдар.

Башкы прокурор зомбулуктан жабыркагандарга 9038 коргоо ордери берилгенин, алардын 110унун мөөнөтү узартылганын кошумчалады.

Эске салсак, жыйында башкы прокурор өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы боюнча көзөмөл органы тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6277