Эми балдар 1-класска 7 жаштан эмес, 6 жаштан кабыл алынат
RU

Эми балдар 1-класска 7 жаштан эмес, 6 жаштан кабыл алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын мектептерине 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул аракеттер эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга багытталган.

"Эми балдар 1-класска мурдагыдай 7 жаштан эмес, 6 жаштан барышы керек. Ал эми мектепке чейинки даярдоо классы жоюлат. Ошондо бала бир жыл убактысын текке кетирбейт. Биз эл аралык стандарттарга жооп бергидей болобуз", - деп айтылат министрдин Facebook баракчасында.

Бейшеналиев буга чейин билим берүү тармагында бир катар реформаларды жүргүзөрүн билдирген. Алардын бири 136 мамлекеттегидей мектептерде 12 жылдык билим берүүнү киргизүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6296