"Бизге ок аткандар соттолбой жүрөт". Октябрь окуясынын жабырлануучулары митингге чыгышты
RU

"Бизге ок аткандар соттолбой жүрөт". Октябрь окуясынын жабырлануучулары митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде Биринчи Май сотунун имаратынын жанына Октябрь окуясында жабыркагандар митингге чыгышты. Катышуучулардын айтымында, 2020-жылдын октябрь окуяларында 150дөй кыргызстандык жабыркап, алардын көбү майып болуп калган.

"Октябрь окуясынын катышуучуларына жардам берилиши керек болчу, бирок баары бизди унутуп калды", - деди Оңолбек Болотбеков.

Болотбеков бардык органдарга кайрылышканын, бирок аларга эч ким көңүл бурбай жатканын баса белгиледи.

"Октябрь окуясынан кийин сол көзүм ооруп калды. Эки жолу операция болдум, эми чет өлкөдө жасаш керек болуп жатат, алардын баасы 25 миң евро экен. Мындай акчаны жөнөкөй жашоомо чогулта албай жүрөм", - деди ал.

Болотбеков алар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү болуп, бирок жабыркагандарды сотко чакырбаганына нааразы болуп чыгышканын кошумчалады.

"Эмне үчүн бул соттук ишке ошол окуяларда жапа чеккендердин эч кимисин чакырган жок?" – деп нааразы болду Болотбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6305