Казак чек арачысы Кыргызстанга качып келип так чек арада асынып алган
RU

Казак чек арачысы Кыргызстанга качып келип так чек арада асынып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын жоокери Кыргызстанга качып келип, так чек арада асынып алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, 10-апрелде Чүй облусунун Панфилов районундагы кыргыз-казак чек арасында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматкеринин жансыз денеси табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган адам мөөнөттүү аскер кызматкери. Анын сөөгү Панфилов районунун өлүк сактоочу жайына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6325