Депутат: Алтындын баасы түшүп, көп алып алгандардын кан басымы көтөрүлүүдө
RU

Депутат: Алтындын баасы түшүп, көп алып алгандардын кан басымы көтөрүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Улуттук банктан алтын куймаларын сатып алгандар анын баасы түшүп кеткенине нааразы болуп жатканын билдирди. Мындай маселени ал 11-апрелде парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү деп билдирет "Азаттык" үналгысы.

"Президент "алтындын баасы өзгөрбөйт, түшпөйт" дегенден кийин алтынды көп алып, чогулткан акчасын алтынга салып койгондор бар. Эми алардын айрымдарынын кан басымы көтөрүлүп "Тез жардам" алып кеткендер да бар экен", - деди Мажитова.

Комитет жыйынына катышкан Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш алтынга салынган акча узак мөөнөттүү инвестиция экенин, анын баасы күн сайын өзгөрүп, өйдө-ылдый болуп турарын айтты. Алтын алып аз убакытта пайда көрөм деген жаңылыштык экенин кошумчалады.

Кыргызстанда доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 100 сомдон ашканда президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасаган, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын куймаларын алууга чакырган. Өлкө башчынын кайрылуусунан кийин алтын алгандар көбөйгөнү кабарланган.

Улуттук банктын расмий сайтындагы маалымат боюнча 28-февралда 1 грамм алтын куймасынын баасы 6913 сом болчу. 25-мартта ушул эле көлөмдөгү алтын 8010 сомго чыккан. 12-апрелге карата 1 грамм алтын куймасы 7459 сомдон сатылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6346