Тимур Файзиев "Асман" долбоорунун жетекчиси болбой калды
RU

Тимур Файзиев "Асман" долбоорунун жетекчиси болбой калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тимур Файзиев Ысык-Көлдө курула турган "Асман шаары" долбоорунун жетекчиси болбой калды. Мындай маалыматты Kaktus.media редакциясына дирекциядан тастыкташты.

Дирекцияга жетекчи болуп долбоордун автору Руслан Акматалиев дайындалды.

Өткөн жылы Акматалиев Асман шаарын куруу идеясын сунуштаганда кыргыз эли күмөн санап, жада калса шылдыңдаганга чейин барган эле. Бирок бул тамаша эмес болгон.

Эске салсак, жаңы шаардын курулушу 2021-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Жаңы шаар 4 миң га жерге ылайыкталып, инфраструктурасы акылдуу шаар классындагы жогорку технологиялык иштеп чыгууларга негизделген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6349