Бишкектеги кафе жана түнкү клубдарга жарым миллион сомдон ашык айып салынды. Себеби
RU

Бишкектеги кафе жана түнкү клубдарга жарым миллион сомдон ашык айып салынды. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери мэрия жана Борбордук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте коомдук тамактануу жайларында, бильярд жана түнкү клубдарда түнкү рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Бул "Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу жасалды, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чаралар көрүлдү.

"Бардык соода ишканаларынын (супермаркет, гипермаркет, дүкөн жана соода-базар комплекстеринин) жетекчилерине маалыматтык жарнактарды жайгаштырууга тыюу салуу жана тамеки, никотин камтыган продукцияны керектөөнү жана сатып алууну стимулдаштыруу маселеси боюнча, сатуу жеринде жабык шкафтарда сактоо менен санитардык көрсөтмөлөрдү берди" - деп айтылат билдирүүдө.

550 миң сомдон ашык айып пул боюнча 43 протокол түзүлүп, токтомдор чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6351