Исхак Масалиев: Министрлер кабинети отставкага кетиши керек
RU

Исхак Масалиев: Министрлер кабинети отставкага кетиши керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Исхак Масалиев министрлер кабинети отставкага кетиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети түшүмсүз жайыттарды ижарага берүү боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алуусу керек.

"Мен бул нерсеге көңүл бургум келет: министрлер кабинети жерди ижарага берип, ошого жашайбыз деп жатат. Вице-премьер-министр мамлекет пенсия төлөбөшү керек дейт. Бул кандай өкмөт? Ушундай сөздөрү үчүн вице-премьер-министр жана бүтүндөй өкмөт отставкага кетиши керек. Өлкөдө 170 миң жумушсуз жаран бар, аларга жөлөк пулун ким төлөйт, чегерүүлөрдү ким жасайт?" - деп эскерди депутат.

Ал министрлер кабинетине жайыттар жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады.

"Жайыттарды өзүңөр иштеткиле, эч кимге берүүнүн кереги жок", - деп кошумчалады Масалиев.

Эске салсак, пенсия реформасы боюнча парламенттик угууда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов убагында социалдык чегерүүлөрдү төлөбөгөндөргө мамлекет бир дагы пенсия карыз эмес экенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6352