Жапаровдордун казино боюнча ою өзгөргөнбү (документ)
RU

Жапаровдордун казино боюнча ою өзгөргөнбү (документ)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына 2011-жылдын сентябрындагы казинону жабуу маселеси боюнча депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Республика боюнча кумарканалардын жабылышын ошол кездеги депутат Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров да колдогон.

"Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров өлкө боюнча казинолорду жабууга добуш беришкен. 11 жылдан кийин алардын позициясы өзгөрөрүн ким билген", - деп жазган Бекешев.

Эске салсак, Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан баштап казинолордун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ал эми 2015-жылы лотерея жана букмекердик кеңселер иштебей калган.

Садыр Жапаров президент болгондон кийин Кыргызстанда казино ачуу идеясын колдой турганын билдирди.

"Мен президенттин аппаратына аларды өлкөнүн бардык аймактарында - Бишкек шаарында жана облус борборлорунда казино ачуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү тапшырдым. Кыргызстандын жарандарына казиного кирүүгө тыюу салууну сунуштайм", - деп президент "Пирамида" телеканалына берген маегинде билдирген.

Акылбек Жапаров дагы казино ачууну колдойт. Анын айтымында, жакшы жактарын карап, мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн казинолор ачылат.

Жакында Экономика министрлиги Бишкекте казино жана балдар аянтчаларын ачуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6354