"Баткен биздин жер". Бишкекте Тажикстандын элчилигинин жанында митинг өттү (видео)
RU

"Баткен биздин жер". Бишкекте Тажикстандын элчилигинин жанында митинг өттү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-апрелде Тажикстандын элчилигинин жанында коңшу республиканын Баткен облусундагы аскер кызматкерлеринин аракеттерине каршы митинг өтүүдө.

Митингдин катышуучуларынын бири Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "ички саясий көйгөйлөрүн чечүү үчүн кырдаалды курчутуп, ыйык Рамазан айында экинчи жолу чабуул жасап жатканын" айтты.

Нааразылык акциясынын дагы бир катышуучусу жай тургундарды миномет менен өлтүрүүгө жол берилбестигин белгиледи.

"Рахмон өз бийлигин сактап калуу жана диктатор бойдон калуу үчүн аскер күчтөрүнүн жардамы менен Баткен облусунун карапайым калкын өлтүрүп жатат. Ички саясий көйгөйлөрүңөрдү биздин эсептен чечкениңерди токтоткула. Баткен биздин жер жана ар дайым биздики болуп кала берет",- дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6360