Коргоо министрлиги: Жеңиш күнүндө парад болбойт
RU

Коргоо министрлиги: Жеңиш күнүндө парад болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңиш күнүндө аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Иш-чарага согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, ветеран уюмдарынын өкүлдөп, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, борбор калаанын тургундары жана коноктору катышат.

Ошондой эле гүлчамбар коюу аземи, жоокерлердин тамагын берүү жана "Өлбөс полктун" жүрүшү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6361