"Тазалыктын" кызматкерлери дагы эле жумушка чыкпай жатышат
RU

"Тазалыктын" кызматкерлери дагы эле жумушка чыкпай жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Рыспек Сарпашевди кайра башчы кылып дайындоону талап кылып, болбосо жумушка таптакыр чыкпайбыз деп жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына кызматкерлер өздөрү билдиришти.

Алардын айтымында, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жаңы жетекчиликке каршы. Анткени алардын баары компетенттүү эмес деп эмептешет.

"Бишкек шаарынын мэри бизге келишин талап кылабыз. Анын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге ишенбейбиз, ал биздин көйгөйлөрдү чече албайт", - деп түшүндүрүштү кызматкерлер.

Мындан тышкары алар УКМКнын мурдагы кызматкери Султана Алыбаев менен иштешүүдөн баш тартышууда.

"Кадимки директор, чарбалык жетекчи Рыспек Сарпашевдин кайтып келишин суранабыз", - деп жыйынтыктады алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6376