Депутат Айгүл Айдарованы токтоткон патрулдук милиция иштен бошотулду (видео)
RU

Депутат Айгүл Айдарованы токтоткон патрулдук милиция иштен бошотулду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова жана ырчы Нурлан Насиптин унаасын токтоткон Бишкек ШИИБнин кызматкерлеринин бири иштен бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына УПКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындан тышкары патрулчу дагы ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, калган экипаж мүчөлөрү дисциплинардык жаза алышкан.

"20-мартта патрулдук милиция кызматкерлери ырчы Нурлан Насипти токтотсо, 3-апрелде ошол эле кызматкер Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова менен чырдашып кеткен. Бул окуянын видеосу интернетке тараган. Үч кызматкер дисциплинардык жаза алышты, - деп түшүндүрдү кайгуул кызматы.

Эске салсак, Kaktus.media редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровага окшош аял кайгуул кызматкерлерине баш ийбей жатканы тартылган видео жөнөтүшкөн.

Видеодо аял патрулдук милиция кызматкерлерин жаман сөздөрдү айтып, кызматтан кетирем деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6380