Мамлекеттик кызматкерлер эл алдында сүйлөөнү жана этиканы үйрөнүп жатышат. Кимдер?
RU

Мамлекеттик кызматкерлер эл алдында сүйлөөнү жана этиканы үйрөнүп жатышат. Кимдер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тренинг бир айга созулуп, ага жалпысынан 74 кызматкер катышууда.

Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында министрлердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларына тренинг өткөрүлүп жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинен билдиришти деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Аталган окуу 29-марттан 21-апрелге чейин уланып, жалпысынан 74 кызматкер катышууда. Аларга "Мыйзам долбоорун даярдоо, сунуштоо жана коргоо", "Ишкердик мамлекеттик тил", "Эл алдында сүйлөө жана бет ачарды сунуштоо көндүмдөрү", "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу", "Мамлекеттик кызматкердин этикасы" деген темаларда лекция өтүп жатышат.

Лекторлор:

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев;
  • Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтунун директору Аязбек Жаркынбаев;
  • Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиев.

Алдыдагы лекцияларга коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов жана Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, академик Чолпонкул Арабаев чакырылган.

Учурда райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөт башчыларын Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасына окутууга даярдыктар көрүлүп жатканы айтылды.

Жалпысынан квалификацияны жогорулатууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, анын ичинде президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6393