Бейшеналиев: "Лопух" деген жакшы сөз да, этика деген эмне өзү
RU

Бейшеналиев: "Лопух" деген жакшы сөз да, этика деген эмне өзү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигине транспортту тапшыруу аземинде министр Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Журналисттер анын жүрүм-турумунан улам кызматтан алынышы мүмкүндүгү тууралуу пикирин сурашты.

"Министрлер кабинети менин ишимди карайт бирок, ордумда калтырат. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги жакшы иштеп жатат. Эгерде алар эскертүү же сөгүш айтышса, иштей беребиз. Ал эми кызматтан четтетип коюшса, башка кызматым бар. Ахунбаев атындагы клиниканын директору болчумун, ошол жерде операцияларды жасай берем. Бул деле мамлекеттик кызмат", - деди министр.

Ал өзүнүн айткан сөздөрүн этикага туура келбейт деп эсептебейт. Мисалы, Алмазбек Исманкуловго "лопух" деп айтканы.

"Этика деген эмне өзү? Мындай сөздөрдү айтууга болбойт деп каякта жазылган? Бул жакшы сөз да, эркелетип "лопуха" деп айтышат", - деп кошумчалады Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6357