Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды
RU

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыптоого Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон.

"Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып министрге карата чара көрүлүп жатканын, кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин айткан.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди "бардык соттор коррупцияга малынган" деген сөзү үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен министрлер кабинетине сунуш киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6403