Маспы? Зеленскийдин кайрылуусу көпчүлүктү таң калтырды. Видео
RU

Маспы? Зеленскийдин кайрылуусу көпчүлүктү таң калтырды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кезектеги кайрылуусу көпчүлүктү тан калтырып, интернет колдонуучулары анын мас экенин жазышууда. Тиешелүу ролик Украинанын лидеринин аккаунтунда дале активдүү бойдон.

Видеодо Зеленский мекендештерине болгон сүйүүсү күч экенин айтып, сөзүн жакшы эле баштаган. Андан кийин шыбырап сүйлөп, Украина жеңишке жетерин билдирип, креслосунда айланып кабинетин, үй бүлөсүнүн сүрөтүн, Украинанын желегин көрсөткөн.

Интернет колдонуучулары Зеленский кайрылуусунда өзүн бир кызыктай алып барганын жана орунсуз сүйлөгөндөрүн жазышууда.

Интернет колдонуучулары видеонун астына:

"Ооба, ал мас";

"Сен чарчаптырсың, эс алышың керек, Владимир";

"Бул мен ойлогон нерсе эмеспи? Жөн эле чарчаптыр деп айтып койгулачы";

"Эртең бул видеосун көрүп алып, уялса керек"

"Анын эмне деп айтып жатканын түшүнгөн адам барбы?";

"Анан Батыш бул кишини баатыр деп атап жатабы? Кебетесин карагылачы!", - деген пикирлерин жазышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6404