Кадрдык өзгөрүүлөрдүн таасири Жапаров, Ташиев, Байсаловго тиеби?
RU

Кадрдык өзгөрүүлөрдүн таасири Жапаров, Ташиев, Байсаловго тиеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинде эч кандай өзгөрүүлөр болбойт деп ишендирип кетти. Себеби, мындай имиштер социалдык тармакта кеңири жайылып кеткен.

Бирок, министрлер кабинетинин көшөгө артында кадрдык орун алмашуулар тууралуу кептер токтогон жок. Kaktus.kg баракчасынын булактары жакынкы күндөрү кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн айтып беришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ордуна анын орун басары, Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев келиши мүмкүн.

Ташиевдин ордуна, УКМКнын жетекчиси катары анын орун басары Бекбосун Апсатаровдун талапкерлиги каралууда.

Министрлер кабинетинин дагы бир орун басары Эдил Байсаловдун кызматы төмөндөп, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалышы ыктымал.

Ал эми учурдагы министр тетирисинче, кызматынан көтөрүлүп, мамлекеттик катчы болушу мүмкүн.

Азыркы тапта мамлекеттик катчы болуп иштеп жүргөн Сүйүнбек Касмамбетов башка кызматка дайындалабы, же жокпу, азырынча белгисиз.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду да кызматынан алуу пландалууда.

Божомолдоолор боюнча министрлер кабинетиндеги кадрдык өзгөрүүлөр Орозо бүткөндөн кийин башталат.

Эске салсак, экс-тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин кандидатурасы БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматына каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6467