Камчыбек Ташиев 1000 кишиге ооз ачырды
RU

Камчыбек Ташиев 1000 кишиге ооз ачырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында 1000 кишиге ооз ачырды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Facebook'ттагы баракчасына жазды.

"Жалал-Абад шаарында Камчыбек Ташиев тарабынан Орозо ооз ачар сый-тамагы берилди. Ага аймактагы 1000ден ашуун тургундар чакырылып, сыйланды. Жергиликтүү дин кызматкерлери да катышып, өткөндөргө Куран окулду. Өлкө тынчтыгы, өнүгүп өсүүсү тиленди. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, чогулган мекендештерибизге өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саламын жеткирди", - дейт журналист.

Эске салсак, 8-мартка карата да 1000 батыр энени сыйлап тамак берген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6536