Садыр Жапаров жаңы куртка сатып алганбы? (фото)
RU

Садыр Жапаров жаңы куртка сатып алганбы? (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кечээ, 2-майда, Бишкектин эски аянтында өткөн айт намазга катышкан.

Ал адаттагыдай костюм шым-эмес, күрөң түстөгү куртка кийип келген.

Социалдык тармакта өлкө башчысынын кийими көп эле талкууга түшөт.

Италиялык PAUL & SHARK фирмасынын курткасы көптөгөн онлайн-дүкөндөрдө сатылат экен.

Тери жана кайыштан тигилген күрмөнүн баасы 87 288 сомго барабар. Бренддин расмий сайтында - 1 014 еврого сатылууда.

Эске салсак, Президент ушул жылдын февраль айында Ош жана Дордой базарына барып, соодагерлер менен ККМ аппараттары тууралуу баарлашкан. Анда да кийип чыккан курткасы катуу сынга алынган болчу. Stefano Ricci деген италиялык брендинин курткасы расмий сайтындагы маалыматка ылайык, жакасына кемчеттин териси (бобровый мех) салынган модели $5,9 миң турат. Сомго которгондо 500 миңге чукул болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6554