Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти
RU

Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты манасчынын жубайы Ырыс Окенова "ПолитКлиника" медиасына ырастаган.

"Манас айылынын" башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин "Азаттыкка" билдирди. Ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн жок. Ошондой эле "кысым болду" деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын тактаган жок.

"Жумушту өткөрүп бердим. Кетүүгө туура келди", - деп жазды Сыдыков.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Эске салсак, Садыр Жапаров менен Дөөлөт Сыдыковдун ортосундагы пикир келишпестик "Манас" айылындагы жер тилкесинин айынан келип чыккан.

Маалымат pk.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6580