"Бул жөн гана хайп". Эдил Байсалов Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун кетишине комментарий берди
RU

"Бул жөн гана хайп". Эдил Байсалов Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун кетишине комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

Байсалов мамлекет тарабынан кыргыз маданиятын, өзгөчө элдик чыгармачылыкты жана манасчылардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулуп жатканын жазган. Байсалов мунун баары Садыр Жапаровдун эмгеги деп эсептейт . Ал оң да, терс да таасир калтыра алган адамдар бар экенин белгилейт. Алардын бири манасчы Дөөлөт Сыдыков.

"Дөөлөт Сыдыков өлкө жетекчилигинин пландарына каршы болгон. Ал Манас айылынын аймагын алалы деп айтканда, мен көңүл бурган жокмун, туура эмес түшүнүп алды го деп ойлогом. Кийин бул жерге президент өзү барып, эскиздерин көрүп, "Манас" айылына тиешелүү жерлерди эч кимге берилбей тургандыгын айткан. Бирок, андан кийин да Сыдыков чагымчыл билдирүүлөрдү жасай берди. Ошондуктан мен анын максаттарынын чындыгынан күмөн санай баштадым",-деп жазды Байсалов.

"Ал улуу манасчы эл башчыларынын сөзүнөн күмөн санайт беле?" деген суроо калтырып, Сыдыковдун аракетин ызы-чуу салуу (хайп) аракети деп атады.

"Сыдыков Гиннес китебине кирип, өзүн Саякбайдан жогору койгондун ордуна, алардын кандай адамдар болгонун изилдеп чыгышы керек болчу. Кыргыз тарыхында бир да манасчы "Манаска" көлөкө түшүргөн эмес. Ал Ата-Тоо аянтында эч нерсе жебей-ичпей, 14 саат манас айтканда бул адамдын максаты эмне экен деп таң калгам. Бул Манас айтуу эмес, өзүн кыйнап жатканы. Көрсө, Дөөлөт Сыдыковдун максаты жөн гана хайп болуу экен", - деп жазган Байсалов.

Эске салсак, 5-майда манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал эмне себептен кеткенин жана кайсы өлкөгө кеткенин билдирген жок. Ошол эле учурда Сыдыков кысым болуп жатканын ырастап, бирок чоо-жайын айткан эмес.

Буга чейин Сыдыков Марат Турсунбеков, Дамирбек Асылбек уулу жана Нургалы Асаналиев өзү директор болуп турган Манас айылындагы этнокомплекске тиешелүү жерди басып алууну көздөп жатканын билдирген. Сыдыковдун айтымында, алар аны маданият министри Азамат Жаманкулов аркылуу коркутууга аракет кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6586