Манасчы: Каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба
RU

Манасчы: Каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-майда "Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени коомчулукка маалым болгон. Анын себебин Сыдыков мамлекет тараптан кысым болуп жатат, өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн, деп түшүндүргөн.

"Мен өлкөдөн өз үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду. Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба (ред. президент Садыр Жапаров). Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет. Кепти башкага бурумуш болуп жерди унуттурам дебегиле. Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары. Эрбол Султанбаев (ред. президенттин маалымат катчысы) сен билесиң баарын, уккансың! Мен жан тартып канча нерсе айттым, уктунарбы? Жок, анан кайра айттыңар го, башка жерге эле сала бергиле да деп. Президент чакырса келбей койду дейт. Мен бир жылдан ашык убакытта конкурстун негизинде даярдаган долбоорду жокко чыгарып, бир түндө ар кайсы жерден алып, чийип койгон долбоорду колдоп, калган жерди ала бергиле дегени бармак белем. "Семетей" киносун жабык көрсөткөндө барган 31 киши ( Манас аткаруучулар, жазуучулар, окумуштуулар, режиссёрлор) жок дебестир президенттин айтканын: Дөөлөт Сыдыков барбы, Манастын айылын ыйык дебесин, шаманизмин токтотсун. Манастын айылын, Байтик тарапка көчүрөбүз деген сөзүн дагы танабы.?

Марат Турсунбеков, Нургалы Асаналиев, Асылбек уулу Дамирбектер мыйзамсыз Манастын айылын эмнеге талкалап киргенде көрмөксөн болуп коёт. Эми эле көчүрбөй калдык деп башканы сүйлөп отурат. Ал жакшы, эми жери кемип кетпей Манас ааламына татыктуу имарат туруш керек деген эле тилектемин. Ийгилик каалайм, татыктуу салынсын. Дагы бир жолу айтып коёюн, жок нерсени чыгарып, калп каралаганды токтоткула!",- деп жазды ал.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Эске салсак, Садыр Жапаров менен Дөөлөт Сыдыковдун ортосундагы пикир келишпестик "Манас" айылындагы жер тилкесинин айынан келип чыккан.

Кененирээк бул жактан окусаңыз болот:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6595