Президент: Кумтөрдүн бир жылдык иши боюнча жалпы элге отчет берилет
RU

Президент: Кумтөрдүн бир жылдык иши боюнча жалпы элге отчет берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров жакын арада "Кумтөр" боюнча отчет бериле турганын билдирип, социалдык тармактарга пост жарыялады.

"Кумтөрдүн" бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. "Кумтөр" алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет", - деп президент жазган.

Эске салсак, 2021-жылдын 17-майында Кыргызстандын парламенти "Кумтөрдө" убактылуу тышкы башкарууну киргизүү чечимин кабыл алып, Centerra Gold Inc. инвесторлору экологиялык нормаларды бузган деп айыптаган. Тышкы башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган болчу. Ал эми Бишкектин соту "Кумтөрдү" иштеп чыккан компанияга айып салып, мамлекетке $3 млрд төлөп берүүнү милдеттендирген.

Centerra Gold Inc. Канадада Кыргызстанды Эл аралык арбитраждык сотко берген. Бир жыл сүйлөшүүлөр жана териштирүүлөр жүрүп, апрель айында тынчтык жолу менен чечип алуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстан алтын кенди толугу менен өзүнө кайтарып, инвесторлорго болгон доо-арызынан баш тартат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6613