Дагы бир депутат Казакстанга сууну бербей коюну сунуштады
RU

Дагы бир депутат Казакстанга сууну бербей коюну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Марлен Маматалиев Казакстанга сууну бербей коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда айтты.

Анын айтымында, Казакстан ЕАЭБ макулдашуулардын негизинде жүктөрдү такыр текшербеш керек болчу, бирок фуралар чек арада турат, аларга түрдүү жолтоолорду жасап жатышат. Эми мынтип электрондук эсеп-фактураларын киргизип жатышат.

"Жүктөрдү ташуу боюнча макулдашууну премьерлер эки тараптуу кылышкан, өлкөлөр өздөрү чечип алышат деп. Кайсы премьер менен вице-премьерлер киргизген муну? Чек арада фуралар турат. Казакстан өзүнүн саясатын жүргүзүүдө. Жүктүн бардыгы алар аркылуу өтүүсүн каалайт. Анда буга чейин депутат сунуштагандай, аларга сууну бербей коелу", - деди Маматалиев.

Эске салсак, буга чейин мындай демилгени Айбек Алтынбеков көтөрүп чыккан. Кийин Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев бул маселе боюнча кыргыз тарап менен түшүнбөстүктөр жок деп жар салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6632