Сентябрдан тарта мугалимдер азыркыдан караганда азыраак айлык алары эскертилди
RU

Сентябрдан тарта мугалимдер азыркыдан караганда азыраак айлык алары эскертилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Апрель айында мугалимдердин айлыгы бир топ жогорулаган. Айрымдарыныкы дээрлик 50 миң сомду түздү. Бирок, Билим берүү министрлиги дайыма эле мындай боло бербестигин эскертет.

Башкармалык мугалимдер бул айлыкты учурдагы абалды эске алуу менен алышканын белгиледи. Бирок, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жаңы окуу жылынан тарта мугалимдердин түйшүгү азаят.

"Айрым мугалимдер мектептерде кадрлардын жетишсиздигинен улам кошумча саат алып иштөөгө аргасыз болушкан. Мындай абал окуу жылынын аягына чейин болот. Сентябрь айында мектептерде мугалимдердин окутуу сааттары кайра бөлүштүрүлөт. Жаңы токтомго ылайык окутуу сааттары азыркыдан азыраак болот. Бирок мындай болгону менен мугалимдердин айлыгы мурда алганына салыштырмалуу көбүрөөк болот", - деп эскертти башкармалык.

Ошондой эле май айындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу бул ай үчүн мугалимдер азыраак акы алынарын белгиледи.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарых мугалимдердин кайрылуусуна комментарий берди. Алар эмгек акы төлөө системасын кайра карап чыгуу өтүнүчү менен президентке кайрылышкан, анткени ал башка дисциплиналардагы мугалимдерден кыйла айырмаланат. Мисал катары алар маяна көп алган математика мугалимдерин келтиришкен.

"Бул адистер жетишсиз болгондуктан физика-математикалык сабактардын мугалимдерине гана коэффициент 20%га көтөрүлдү. Бул мугалимдерди мектепке тартуу максатында жасалып жатат. Ал эми калган мугалимдер боюнча маселе каралбайт. Анткени жалпысынан бардык мугалимдердин айлыгы дээрлик 80% жогорулатылды", - деп кошумчалады Билим берүү жана илим министрлиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6636