Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан "Барселона" клубунун жаштар курамына кирди
RU

Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан "Барселона" клубунун жаштар курамына кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу, футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев "Барселона" клубунун жаштар курамасына расмий кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Кыргыз футбол союзу берген маалымат боюнча, ал расмий түрдө "Барселона" клубунун жаштар командасынын курамында машыгуусун улантат.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Эмир-Хан 17 жашка чыккан.

Эске салсак, 2019-жылдын февраль айында Кыдыршаев Паоло Росси деп аталган италиялык футбол академиясына өткөн. Ал атактуу футболчунун академиясында окуган алгачкы кыргыз футболчусу. Ушул жылдын январь айында ал "Леванте" испан клубунун академиясына өтүп, ошол жакта окуп, жашай турганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6647