Президенттин басма сөз катчысы Жапаров эмне себептен Ширшов менен жолугушканын түшүндүрдү
RU

Президенттин басма сөз катчысы Жапаров эмне себептен Ширшов менен жолугушканын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Алексей Ширшовдун иши боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, президент Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин, Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын адаштырып жатат деп айткан.

"Чындыгында президент дагы, Азимбек Бекназаров дагы туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго кылмыш иштери козголгон экен. Бирок аны 2015-2019-жылдары же актап чыгышкан, же айып пул салынган. Бул тууралуу төмөндөгү маалыматтан көрө аласыздар. 2021-жылы ага издөө жарыяланып, же кылмыш иши козголгон эмес. Ошого байланыштуу президент аны кабыл алды", - деди Султанбаев.

Эске салсак, 10-майда УКМК "Дастан" ишканасынын мурунку башчысы Алексей Ширшов кармалганын расмий жарыялап, ага "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Бирок бир суткага жетпей соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6667