Бөлтүрүк: Аскар Акаев келгенден кийин Centerra башкача сүйлөп калды
RU

Бөлтүрүк: Аскар Акаев келгенден кийин Centerra башкача сүйлөп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр голд компани" ААК Кыргызстанга өткөндөн бери алгачкы жолу Centerra Gold Inc. менен макулдашууга кол коюлгандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өлко башчысы Садыр Жапаров саясий эркин көрсөтүп, макулдашууга кол коюлду.

"Ал "Кумтөрдү" алабыз деди. Мен да Centerra'да директорлор кеңешинде иштеп турган чакта, ниетимди жашырган жокмун: "Бүттү, ажырашабыз. Ушунча зыян алып келдиңер, мындар ары чыдаганга болбойт", - дедим".

Алар билген, ошого даярданып жүрүштү. Биз да даярдандык. Анан болгон иш болду. Биз эч качан жараша албайбыз.

Алар кайрадан эски схемаларды жандандырып, пара бергенге аракет кылышты, опузалашты, массалык маалымат каражаттар аркылуу абройду түшүрүштү. Ошого карабастан ишти аягына чыгардык. Чынында саясий эрксиз мүмкүн эмес болчу. Биз батыш юристтерди жардамы менен мыкты коргондук.

Кийин Аскар Акаевди ортого салганда эч нерсе дей албай калышты. Ал өзүнө (жоопкерчиликти) алып, коррупциялык схемаларды мойнуна алып, өзү дагы, көзү өтүп кеткен уулу дагы, туугандары дагы катышканын айтып берди. Centerra дароо башкача сүйлөп калган.

Биз кылмыш иштер боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү көрсөтүп, кысымга ала баштаганда алр түшүнштү окшойт. Мурункудай болбой калганын билишти. Нормалдуу, чынчыл иштей турган адамдар, пара албай турган, ниети таза саясатчылар келди да. Мындан ары биздин позиция бекем болот. "Кумтөр" өлкөнүн экономикасына иштеш керек", - дейт Бөлтүрүк.

Эске салсак, 4-апрелде Садыр Жапаров министрлер кабинети менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда "Кумтөр голд компани" ААК боюнча пикир келишпестиктерди чечүүчү макулдашууга кол коюлду деп жар салган. Мындан ары Кыргызстан өз алдынча алтын кенин иштетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6668