Жоробай ажы Шергазиев муфтийдин кызматын аткарууда. Жаңы муфтийди шайлоо күнү белгиленди
RU

Жоробай ажы Шергазиев муфтийдин кызматын аткарууда. Жаңы муфтийди шайлоо күнү белгиленди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Жоробай ажы Шергазиев муфтийдин кызматын аткарууда. Бул жөнүндө Kaktus.media'га Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын пресс-кызмтаты маалымдады.

КМДБнын айтымда, уставка ылайык жаңы муфтий шайланганча анын кызматын орун басары аткарат.

Дагы бир орун басары - Кадыр Маликов мындан эки жума мурун үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз кызматын убактылуу тапшырган.

Бир күн мурун улемдердин жабык эшик артында өткөн кезексиз отурумда, жаңы муфтийди 5-апрелде өтө турган мусулмандардын Курултайында шайланат. Ага чейин тлапкерлер арыздарын жана документтерин тапшырышат.

Эске салсак, УКМК КМДБнын башкы эсепчисин жана экс-муфтий Максат ажы Токтомушевди өтө чоң өлчөмдөдгү пара берүү иши боюнча кармаган. Муфтият ажылыкка тапшырылган акча каражаттарды жеке мекемелерге пайызга бергени белгилүү болгон. Ошол эле күнү муфтий кызматынан кетип, камакка алынган. 11-февралда Биринчи май райондук соту ага үй камак жаза чарасын колдонгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/666