Патрулдук унаанын үстүндө бийлеген өспүрүм. Анын Оштогу окуучунун өлүмүнө тиешеси бар
RU

Патрулдук унаанын үстүндө бийлеген өспүрүм. Анын Оштогу окуучунун өлүмүнө тиешеси бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Өспүрүм патрулдук унаанын үстүндө бийлеген. Мындай видеону Kaktus.media редакциясына Ош шаарынын тургундары жөнөтүшкөн.

Адардын айтымында патрулдук милицияынын кызматтык унаасынын үстүндө бийлеп жаткан видео бир нече күн мурда тартылган. Азыр бул өспүрүм Оштогу мектеп окуучусунун өлүмү боюнча күбө катары өтүүдө.

"Бул өспүрүм шектелүүчүлөрдүн жанында болгон. Окуядан кийин алар бирге качып кетишкен", - деп күч органдары билдиришти.

Ошондой эле, алдын ала берилген маалыматтар боюнча, шектелүүчү бир нече жолу урдоо фактысы менен кармалган, бирок эркинен ажыраган эмес.

Эске салсак, кечээ 11-февралда областык ооруканага эки бычак жеген өспүрүм түшкөнү маалым болгон. Бирөөсү каза болуп, экинчиси оор абалда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/667