Бишкекте көчө кайырчысы кызга кол салган. Видео
RU

Бишкекте көчө кайырчысы кызга кол салган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садага берүүдөн баш тарткан Бишкектик аялга кайырчы кол салган. Бул тууралуу кыз социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.

Ал Исанов жана Москва көчөнүн кесилишиндеги Torro кафесинде тамак заказ кылып отурганын айтты. Ошол маалда анын жанына белгисиз бирөө келип, кайыр сураган. Ал андан баш тартканда кайырчы ага кол салганын айткан.

Мындан тышкары, ал Torro кафесинин кызматкерлерин дагы айыптаган. Анткени алар келип карап коюшкан эмес, ошондой эле алгач сырттагы көзөмөл камераларынан видео көрсөтүүдөн баш тартышкан, кечирим да сурашкан эмес.

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинен Kaktus.media сайтына билдиришкендей, алардан 2022-жылдын 15-май күнү саат 19:00дөр чамасында коомдук тартипти бузган, Бишкек шаарынын тургуну Б.Н., 30-35 жаштар чамасындагы адамга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен катталган.

ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1992-жылы туулган И.Ж.нын өздүгү такталып, РИИБдин тергөө кызматына алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми Torro кафеси чындап эле алардын мекемесинде ушундай окуя болгонун жана алар жабырлануучудан кечирим сурашканын айтты.

"Ошол учурда буюртмалар көп болуп, биздин кызматкерлер кол салуу учурун көрүшкөн эмес. Кийин кол салуу болгонун билгенден кийин программист менен байланыштык, ал бизге видеолорду жөнөттү. Биз андан кайра-кайра кечирим сураганбыз ", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6708