Малиев кайрдан курандан үзүндү окуду. Бул ирет телефондон
RU

Малиев кайрдан курандан үзүндү окуду. Бул ирет телефондон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутат Арсланбек Малиев казинолорду ачуу мыйзамы каралып жатканда Курандан үзүндүнү толугу менен окубай калганын, бүгүн, 18-майда өткөн жыйын учурунда билдирди.

Малиев курандын 219-аятын толук окууга жетишпей калганы үчун кечирим сурады.

"Өткөндө кумар боюнча мыйзам каралып жатканда, убакыттын тардыгына байланыштуу курандын 219-беренесин толугу менен окууга жетишпедим. Ал үчун кечирим сурайм. Окулбай калган жери мындай: Ал экөөсүнүн пайдасынан зыяны чоңураак. Эй Мухаммед, алар сенден Аллах жолунда эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. Ашыкчасын, деп айткын. Аллах силерге мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөсүңөр деп.

Ошону менен катар, муфтияттын саясат менен динди аралаштырбаганына терең ыраазычылыгымды билдирем. Чон рахмат!" - деди депутат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев казинолорду ачуу мыйзамы каралып жатканда, куран китебинен аят окуп, арак менен кумар оюндарында тыюу салынган эмес, ал тургай пайдасы да бар деп айтып чыккан. Муфтият буга реакция кылып "Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла!" деп катуу эскертүү берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6738