Сот менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
RU

Сот менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура судья менен прокурордун орун басарын пара менен кармады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Жумгал райондук сотунун судьясы А.А., райондун прокурорунун орун басары О.Ж. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө судья райондун прокурорунун орун басары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Х.Д.дан 50 000 сом талап кылганы аныкталган.

Райондун прокурорунун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6768