Аял төрөгөндөн кийин баласын тирүүлөй көмүп салган
RU

Аял төрөгөндөн кийин баласын тирүүлөй көмүп салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарынын тургуну төрөп, баласын тирүүлөй токойго көмүп салган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 13-майда Талас облусунун ички иштер башкармалыгына төрөт бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Аларга 39 жаштагы жаңы төрөгөн, бирок колунда баласы жок аял кайрылган.

Иштин жыйынтыгында аял Таласта жашаганы белгилүү болгон. Ал турмушка чыга элек кезинде боюна бүтүп калган.

Токойдо жүргөндө толгоосу келип, ошол жерде төрөгөн. Ал эмне кыларын билбей, баланы тирүүлөй көмүп салган.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, баланын сөөгү өлүкканага жеткирилген. Аталган факты боюнча Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон. Аял гинекология бөлүмүндө дарыланууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6772