АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Кыргызстанга келди
RU

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Кыргызстанга келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Эске салсак, Лу Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруунун алкагында Кыргызстанга келген.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Андан тышкары өз-өзүнчө эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун чыңдоого көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселеси каралды, деп билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6797