АКШнын тургуну жарым кылым гамбургер жеп Гиннес китебине кирди. Кызыктуу окуясы (видео)
RU

АКШнын тургуну жарым кылым гамбургер жеп Гиннес китебине кирди. Кызыктуу окуясы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гиннестин рекорддор китеби жаңы кызык рекорд менен толукталды. Висконсин шаарынын тургуну Дональд Горске 50 жылдан бери 32 340 Big Mac бургерин жеп рекорд коюп Гиннес китебине кирди. Кызыгы ал мындан ары да токтотууну каалабайт. Бул тууралуу чет элдик басылма droider.ru жазып чыкты.

Дональд биринчи жолу 1972-жылы Big Mac бургерин жеп көрүп өмүрүнүн аягына чейин, жок эле дегенде, күнүнө бир жолу ушул гамбургерди жей турганын чечкен. Натыйжада, эң жакшы күндөрү ал тогуз Big Mac жегенге чейин барган. Ал эки гана бургер жеген күндөрүн жаман күндөр деп белгилеген.

Бул окуянын эң таң калыштуусу - Дональд Горскинин кандагы канттын жана холестериндин деңгээли төмөн бойдон калганы. Муну ал Big Mac бургерин башка фастфуд менен чебер айкалыштырганы менен байланыштырат. Маселен, ал фри жегенди токтотуп, дайыма дээрлик он чакырымдай басат.

Кызыгы, Макдоналдс анын жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Негизи көп ата-энелерде ымыркайынын алгачкы кадамдарын жасагандагы сүрөттөрү бар. Ал эми Дональдда Big Mac менен сүрөттөрү көп. Ал түгүл Дональддын балдары анын өмүрүнүн аягына чейин жей турган гамбургерине чейин санап чыгып "Ушунчанчы Big Mac сени өлтүрөт" деп тамашалашканын айткан.

Жалпысынан алганда, Дональд Горске жашоодон толук ырахат алып жашоону каалайт!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6802