Манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткенден кийин алгачкы билдирүүсүн жарыялады
RU

Манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткенден кийин алгачкы билдирүүсүн жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандан кеткенден бери биринчи жолу социалдык тармактагы баракчасына сүрөтү менен пост жарыялады. Ал Стамбул шаарындагы (Түркия), Манастын эстелигин белгилеген.

"Манаста чындык бар! Манас кыргыздын байыркысы, азыркысы, келечеги. Манас ата кыргызды сактаган, кыргыз баласы Манасты даңктаганга милдеттүү. Манасым дастаным, чексиз асманым! Акыйкат, чындык үчүн кайсы мезгил болбосун туу түбүндө тура алган, каршылашкан душманга айкырып найза суналган арбагы тирүү асылым. Төбөмдөгү пиримсиң, колдоп турган шеримсиң. Ааламды аралап атың даңктала берсин!" - деп жазган Сыдыков.

Эске салсак, манасчы май айынын башында үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эмне себептен кеткенин жана кайсы өлкөгө кеткенин маалымдаган жок. Ошол эле маалда Сыдыков кысым болуп жатканын ырастап, бирок кеңири айткан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6817