Акыйкатчы: Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!
RU

Акыйкатчы: Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта мугалимдин 7-класстын окуучусун сабаганы боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова да жеке пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал учурда Азербайжданда жүргөнүн билдирип, бирок окуядар кабардар экенин жазды.

"Урматтуу туугандар, элим! Качан токтолобуз? Жаш бала, кичинекейлерибиз, өспүрүмдөр буюм эмес, мал эмес, жеке менчик эмес, мүлк эмес! Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!

Кордукта, укуктары чектеп тебелеп чоңойгон балдарыбыз кайтадан алсыз, умтулуусуз коом катмарын толуктайт, көздөрүндө, ойлорунда кыял, үмүт жок, адилетсиздиктин туңгуюгу гана болот.

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы тууралуу Институт Омбудсмена КР коллегаларым мектеп директору, кыздын ата-энеси, райондук милиция менен байланышка чыгып маалымат топтошту. Эртең районодон текшерүү барат экен.

Мен Азербайджандамын, видеону толук көрдүм! Баардык тараптын маалыматын алдым‼️ ошондуктан орун басардын колу менен эртең Акыйкатчыдан талап жөнөтүлөт- мугалим жоопкерчиликке тартылыш керек. Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер - коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор.

Мынчалык агрессия мыкаачылык мугалимден - тарбияны, жашоого көз карашты калыптандырган, үлгүлүү болуучу адамдан болгону чыккынчылык", - деп жазды.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6838