Кыргызстанда имамдар бирдиктүү формага өтөт (сүрөт)
RU

Кыргызстанда имамдар бирдиктүү формага өтөт (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы дин кызматкерлеринин жаңы бирдиктүү формасын иштеп чыкты. Бул тууралуу дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 3800 жаңы форма тигилген. Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев имам Сарахси атындагы башкы мечитте Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине дин кызматкерлери үчүн тигилген бирдиктүү формаларды тапшырды.

"Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү",-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6902