"Ошондуктан бир тараптуу болуңуз". Ташиев Балбак Түлөбаевге да эскертүү берди (видео)
RU

"Ошондуктан бир тараптуу болуңуз". Ташиев Балбак Түлөбаевге да эскертүү берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Балбак Түлөбаевге да эскертүү берди.

Түлөбаев буга чейин Адахан Мадумаровго сөз бербей койгонуна нааразы болгон.

"Өкмөт жооп бериши керек. Мен да сындайм. Оппозиция менен позиция сындаса биз эмне кылышыбыз керек? Анда барынын оозун жапкыла", - деди Түлөбаев. Кийинчерээк кайрадан сөз алып, оппозиция менен бийлик урушса депутаттарга кыйын экенин айтты.

Өз кезегинде Ташиев депутатка "шалаакылык кылбоого, туура позицияны карманууга" кеңеш берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6918