Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында окуучу сууга чөгүп каза болду
RU

Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында окуучу сууга чөгүп каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте No95 мектептин 3-классынын окуучусу Ала-Тоо аквапаркына чөгүп каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришкен.

Алардын айтымында, бүгүн борбордогу он мектептин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн иш-чара уюштурулган. Алар Ала-Тоо аквапаркына эс алууга барышкан.

"Бардык ата-энелердин үрөйү учту. Ал үчүнчү класста окуйт болчу. Балдар тез жардам келгенин көрүшкөн. Мындай жерлерди кыдырганды токтотуш керек. Аквапарктын администрациялары мектептер менен сүйлөшүп, балдарды ал жакка алып барышат. Чындыгында аларды караган эч ким жок. Биз шок болдук", - дешет окурмандар.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов бул маалыматты тастыктады.

"Себептери азырынча белгисиз. Биз комиссия чогултуп, бүгүн текшерүү үчүн мектепке барабыз. Буга чейин балдар ата-энелери менен эс алуу уюштурушкан. Бала чөккөн учурда сабак жүрүп жатканбы, жокпу аныктайбыз. Окуя болгон жерде куткаруучулар болгон же болбогону азырынча белгисиз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6957