Белгилүү ырчы Jah Khalib (Бахтияр Мамедов) кыздуу болду. Сүрөт
RU

Белгилүү ырчы Jah Khalib (Бахтияр Мамедов) кыздуу болду. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандык белгилүү ырчы Бахтияр Мамедов (Jah Khalib аты менен таанымал) кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Бирок ал кызы менен түшкөн сүрөтүнүн астына 03:38 деген жазуудан башка эч кандай маалымат берген эмес.

Jah Khalib "Медина", "Если чё, я Баха" жана башка көптөгөн ырлардын аткаруучусу катары белгилүү.

Белгилей кетсек, Jah Khalib 2020-жылы эле үйлөнүп, бирок элге бул кабарды 2021-жылдын башында гана жарыялаганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7002