Депутат, эмне үчүн Садыр Жапаровдун кудасы парламенттин жыйынына катышпайт, деп сурады
RU

Депутат, эмне үчүн Садыр Жапаровдун кудасы парламенттин жыйынына катышпайт, деп сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаров эмне үчүн көптөн бери парламенттин жыйынына катышпайт, деп кызыгып сурашты.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде - Кыргызстан менен Казакстандын миграция маселелери боюнча кызматташуу документин ратифакациялоо. Документти Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов сунуштады.

"Көптөн бери ушул орун басары келип жүрөт. Суроо сизге: эмне үчүн ар дайым сиз келесиз? Сиздин жетекчиңиз барбы?" - деп депутат Бейшеналы Нурдинов сурады.

"Ооба, жетекчим бар, бирок мени жөнөтүштү", - деп Токтоболотов жооп берди.

"Жетекчи өзү келиш керек. Сиз орун басары болосуз да, баары бир айрым маселелерди жетекчи өзү гана чече алат, а бирок ар дайым сиз келип жүрөсүз", - деп Нурдинов кошумчалады.

"Туура айтып жатасыз, мен айтып коем", - деп чиновник макул болду.

Эске салсак, Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Таштанбек Каймазаров. Ал Жогорку Кеңештин шайлоосуна "Мекенчи" партиясынан катышкан. Factcheck.kg басылмасынын маалыматы боюнча ал Садыр Жапаровдун кудасы болуп кетет. Садыр Жапаров өзү премьер-министр болгондон кийин 21-октябрда Каймазаровду бул кызматка дайындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/709