Назира Айтбекова: Бизде үнү жок ырчылар менен мээси жок саясатчылар популярдуу
RU

Назира Айтбекова: Бизде үнү жок ырчылар менен мээси жок саясатчылар популярдуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова кезектеги постун жарыялады. Анын айтымында үнү жок ырчылар менен мээси жок саясатчылар популярдуу жана ошондойлордун күйөрманы болуп, ошолордун таламын талашкан элге капа.

"Муну шайлаба! Көргө сүйрөйт!" деп, тилиң тешилип калгыча какшап атсаң, кайра "Эл душманы!" кылган элге деле бооруң оорубайт! Бул дагы башталышы! Аңга түртүп, сазга батырып салса, көзүбүз ачылабы балким дейин десем, ачылбай деле калды го!

Бир сценарий беш жолу кайталанып атса, демек, ал сценарийди өчүрүп туруп, аңдап, ойгонуп , кайра жазышыбыз керек болчу. Кыязы , эски адамдардын сценарийин оңдош кыйын окшобойбу?! Жаңы муун эле акылдуу чыгып, жаңыча сценарий жазбаса, 30 жылдан бери бир эле адамдарды шайлап келе жатабыз!

Сооп , чала болот бизге! Дагы көргүлүктү көргөзүп, чала бышкан мээбизди каңдашса экен бул бийлик! "Задний проходдон""чыгара - чыгара!",- деп жазган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7220