Банкирдин милицияга кол салгандыгы тууралуу. Прокуратура тергөөнү кысымга алганбы?
RU

Банкирдин милицияга кол салгандыгы тууралуу. Прокуратура тергөөнү кысымга алганбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин прокуратурасы алардын кызматкерлери "Бакай Банктын" төрагасынын орун басары Марат Какеевди бошотууга жардам берди, деген айыптоого жооп кайтарды.

Иштин материалдары боюнча 14-февралда, болжол менен 03:00до, белгисиз эркек киши Шопоков көчөсүнөн токтотулуп, андан кийин кайгуул кызматына кол салган. Ал милициянын формасын айрып, погондорун жулуп, жетондорун тартып алган.

Бул факт "Бейбаштык" беренеси менен катталып, тергөөчү айыпталуучунун убактылуу кармоочу жайга кармаган. Ошол эле күнү, Бишкектин Свердлов райондук соту сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алуу чарасын көрүү жазасын бектикен.

Андан тышкары, мыйзам боюнча бул берененин негизинде камакка алуу каралган эмес, деп прокуратура түшүндүрмө берди.

"Жабыркаган милиция кызматы тосмо арыз жазып, кол салган жаранга нааразычылыгым жок, деп, кылмыш ишин токтотууну суранган. Булардын бардыгы Какеевге сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жазып берүү жазасынын берилишине негиз болуп берди", - деп прокуртур белгиледи.

Көзөмөл жүргүзүүчү орган тергөөнүн жүрүшүнө Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан кийлигишүү болбогонун баса белгиледи.

"Балким Свердлов районунун прокурордун орун басары Улан Абдуллаев милицияга күтүүсүз текшерүү менен келсек керек, анткени ал РИИБнин түздөн-түз куратору, жана күтүүсүз текшерүүлөр тынымсыз жүруп турат. Бирок, тергөөнүн жүрүшүнө эч кандай таасир бере алмак эмес", - деп Бишкектин прокуртурасы корутунду берди.

Эске салсак, 14-февралда, болжол менен саат 03:30да Шопоков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул кызматынын милиционерлери айдоочунун соо эместигин шекшип, жеңил унааны токтотушкан.

Айдоочу өзүн чиновникмин деп тааныштырып, аны кое берүүнү суранган. Бирок милиция кызматкерлери протокол түзүү үчүн андан документтерин талап кылышкан. Буга ачууланган айдоочу күч кызматкерлерине атырылган. Тынчтанууга чакырган милицияларды сөгүп, андан кийин кол салып, алардын погондорун, жетонун жана камерасын жулуп салган.

Окуя болгон жерге Бишкектин Свердлов РИИБсинин ыкчам-тергөө тобу чакырылып, кол салуучунун өздүгү аныкталды. Ал "Бакай Банктын" төрагасынын орун басары, 1976-жылы туулган, Марат Саламатович Какеев экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/724